Бүгүн, 6-июнда продюсер, кинорежиссёр Рысбек Жабиров кыздуу болду. Ал мындай жагымдуу жаңылыгын SUPER.KG порталы менен бөлүштү.
"Мен өтө бактылуумун! Жарым саат мурун келинчегим Элмира көз жарды. Кырктын кырына келгенде мени дагы бир жолу ата бактысына ээ кылган жарыма ыраазымын. Жарыкка келген наристе биздин жетинчи чүрпөбүз. Буга чейин экөөбүз 5 уул, 1 кызды тарбиялап келгенбиз. Кызыбызга шерик төрөлгөнүнө кубанып турган чагыбыз. Эне-баланын ден соолугу жакшы. Азыр кызым апасынын көкүрөгүндө жатат.
Балдарымдын аттарын өзүм койгом. Буюрса, бул кызыма Ананай деген ысымды ыйгарсамбы деп турам. "Ананай" деп эркелеткенге да жакшы",- дейт кубанычы менен тең бөлүшкөн Рысбек Жабиров.