Бишкекте Александр Пушкиндин 215 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бишкектеги Улуттук китепкананын Орус адабият борборунда Александр Пушкиндин 215 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө улуу акындын 8 томдук аңгемеси, 4 томдук Пушкин тилинин сөздүгү, биографиялык материалдар, эскерүүлөр, замандаштарынын каттары, жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган басылмалар, ал тууралуу критикалык адабияттар коюлган.

Пушкиндин чыгармалары дүйнөдөгү көптөгөн тилдерге которулган. Мындан кыргыз акындары да четте калган эмес. Алсак, А.Осмонов, Э.Турсунов “Евгений Онегин”, К.Эшманбетов “Белкиндин повесттери”, К.Саякбаев “Дубровский”, М.Кырбашов “Капитандын кызы”, К.Баялинов “Кавказ туткуну”, ал эми лирикалык ырларын А.Токомбаев жана К.Маликов, жомокторун У.Абдукаимов жана башкалар которушкан.

Белгилей кетсек, көргөзмө 23-июнга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан