4-июнда Американын Массачусетс штатында жыл сайын өткөрүлүүчү түрк тилдүү элдердин Маданият күнүнүн 5-аземи болуп өттү. Ага Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан келген өкүлдөр катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда "Kyrgyz Club" уюмунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын негизги максаты өлкөлөр арасындагы байланышты бекемдөө жана маданий алаканы өркүндөтүү болуп саналат. Иш-чаранын расмий ачылышында Массачусетс штатынын сенатынын спикери Хауз ДеЛео жана башка сенаторлор чыгып сөз сүйлөштү.
Иш-чарада "Kyrgyz Club" уюму келген конокторго Кыргызстан тууралуу маалымат таратышты жана кыргыз уздарынын колунан жаралган эмгектерди көрсөтүштү. Катышуучулар кыргыз боорсогунан ооз тийип, өлкөбүздүн керемет жерлери түшүрүлгөн календарларга ээ болушту.
"Биз түрк тилдүү элдердин Маданият күндөрүнө катышканыбызга кубанып турабыз. Сенаторлор менен таанышып, аларга Кыргызстан тууралуу маалыматтарды бердик. Алардын биздин өлкөгө кызыгуусу артып, сөзсүз барабыз деген ниеттерин билдиришти",- дейт аталган уюмдун негиздөөчүсү Айбек Хакимов.
Белгилей кетсек, бул уюм Кыргызстанды биринчи жолу тааныштырып жаткан жок. Өткөн жылы Нью-Йорк шаарында өткөн сенатта да Кыргызстанды жеткиликтүү деңгээлде тааныштырышкан. Кийинки аптада Нью-Йорк, Нью-Жерси штаттарында да кыргыз жерин даңазалашмакчы.