Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Рерихтин келишими. Тарых жана азыркы заман” аттуу эл аралык көргөзмө долбоору ачылат

10-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Рерихтин келишими. Тарых жана азыркы заман” аттуу эл аралык көргөзмө долбоору ачылат.

Көргөзмө долбоору Николай Рерихтин бейпилдикти жаратуу идеясын жайылтууга жана “Көркөм жана илимий жайларды, тарыхый эстеликтери коргоо” эл аралык келишимине багытталган. 

Рерихтин сүрөттөрүн байыркы Египеттин фараондорунун казынасындагы буюмдардан, таш доорундагы карапаларга түшүрүлгөн оюулардан, Монголиянын жарларынан жана башка жактардан көрсө болот.

Көргөзмөнү "Рерих" эл аралык борбору жана "Рерих мурастарын сактоо" эл аралык комитети уюштурууда. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан