2014-жыл - Ош шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору жылына карата боло турган иш-чарада Ош облустук филармониясынын 100 кишиден турган оркестри өз өнөрүн тартуулайт

Ош шаары 2014-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору деп саналат. Буга карата Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы учурда кызуу иштеп жаткан учуру. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган жайдын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова билдирди.
“Учурда биздин жамаат Ош шаары 2014-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору деп аталганына байланыштуу кызуу иштеп жатат. Буюрса, 13-июнда 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан чоң иш-чара өткөнү турат. Ага биздин филармониянын 100 кишиден турган оркестри катышып, өз өнөрүн тартуулайт. Мындан тышкары бул концертте көрүүчүлөр, келген коноктор "Кыз-Бурак" тобунун жана "Адеми" бий тобунун өнөрлөрүнө күбө болушат. Иш-чара мыкты деңгээлде өтөт деген ишеничтемин",- дейт филармониянын жетекчиси, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан