Бишкекте "Чыңгыз Айтматовду окуйбуз" аттуу флешмоб өткөрүлөт

10-июнда Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жеткинчектер китепканасы "Чыңгыз Айтматовду окуйбуз" аттуу флешмоб өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда китепкананын директору Лариса Кислова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара улуу жазуучунун каза тапкан күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өтөт. "Буга чейин биздин китепканада "Айтматовдун китептери" деген бурч ачылып, бир айлык жарыяланган эле. Ошонун алкагында атайын флешмоб өткөрүүнү туура көрдүк. Ага китепкананын кызматкерлери жана активдүү окурмандарыбыз катышат. Атайын даярдалган футболкаларды кийип, колубузга плакат, буклеттерди көтөрүп алып "Ала-Тоо" аянтындагы Ч.Айтматовдун эстелигинин жанына барабыз",- дейт директор боло турган иш-чара тууралуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан