Ырчы Анжелика Варумдун атасы, композитор, аранжировщик Юрий Варум 65 жашында АКШда каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда ырчынын жолдошу Леонид Агутин интернеттеги жеке баракчасына жазды.
"Биздин үй-бүлө бүгүн аза тартып турат. Жармашкан оору жашообуздагы эң жакын адамыбыз, кеңешчибиз Юрий Варумду алып тынды. Биздин чоң үй-бүлө үчүн, өзгөчө жубайым Анжелика үчүн оор жоготуу болду. Ооба, билебиз, жашоо улана берет. Бирок анын ордун эч ким толтура албайт",- деп жазат ырчы Леонид өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Юрий Варум 1949-жылы 8-октябрда Беларуста төрөлгөн. Анын «Городок», «Ля-ля-фа», «Другая женщина» аттуу ырлары элге кеңири тараган. Юрий Варум акыркы 10 жылдан бери Майамиде жашап жаткан.