14-15-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында театралдык сезондун жабылыш салтанаты өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда аталган театрдан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө, 14-июнда М.Раухвергердин “Чолпон” балети коюлат. Муну менен катар О.Сарбагышев, Л.Крамаревскийдин либереттосу көрүүчүлөргө тартууланат.
Ал эми 15-июнда В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Чолпон” операсы, “Манас” эпосунун мотивине жазылган Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов, Ж.Турусбековдун либереттосу орун алат.