Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде "Башка Бишкек” аталыштагы фотокөргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

Борбор калаадагы Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Башка Бишкек” аттуу фотокөргөзмө өтүүдө.

Аталган иш-чара сүрөттөр боюнча өткөрүлгөн "Фоточемп-2014" чемпиондугуна карата уюштурулууда. Көргөзмө 3 бөлүктөн турат. 1-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын катышуучуларынын эмгектери тартууланды. 2-бөлүккө болсо 5 жыл ичинде чемпиондукта мыкты деп табылган сүрөттөр коюлду. Ал эми 3-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын калыстар тобунун мүчөсү, аталган сынактын уюштуруучусу Алексей Лысогоровдун жана сүрөтчү Георгий Колотовдун эмгектери орун алды. 

Бул көргөзмөнүн ачылыш аземинде "Фоточемп-2014" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, көргөзмө 13-июнга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан