Көркөм өнөр музейинде Сапар Жоробаевдин “Жаратылыш фантазиясы” аттуу көргөзмөсү ачылат

11-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Сапар Жоробаевдин “Жаратылыш фантазиясы” аттуу көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 160 эмгеги коюлат. Алардын көбүн бак-дарактардын тамырларынан, ар кандай формада өскөн талдардан жасалган скульптуралар түзөт. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты.

Белгилей кетсек, Сапарбек Жоробаев 1946-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 1970-жылы С.Чуйков атындагы көркөм окуу жайын аяктаган. Анын окутуучулары КРнын Эл сүрөтчүсү А.Осмонов, В.Шестопал жана башкалар болгон. Ал 1970-1971-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген. 1971-1973-жылдары С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында, 1973-1990-жылдары Аксынын маданият бөлүмүндө жасалгалоочу болуп эмгектенген. Мындан сырткары Сапарбек Жоробаев республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан