Москва шаарында өткөн “Жандуу классика” Эл аралык сынагында Ырыскелди Марат уулу баш байгени жеңип алды

Жеткинчектер арасында көркөм окуу боюнча Москвада өткөн “Жандуу классика” Эл аралык сынагынын финалында кыргызстандык Ырыскелди Марат уулу баш байгени өңөрүп кайтты. Сыйлык тапшыруу аземи 6-июнда Орусиянын артисти Александр Калягиндин катышуусунда өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул жылы аталган сынакка дүйнөнүн 26 мамлекетинин мектеп окуучулары ат салышкан. Кыргызстанда өткөрүлгөн тандап алуу туру региондор арасындагы мектептерде, андан соң Бишкекте жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында республиканы көрсөтүү үчүн Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары Ульяна Короткова, Диана Тырышкина жана ысык-аталык Ырыскелди Марат уулу сынакка жөнөп кеткен. Өспүрүмдөрдүн чеберчилигин прозаик, акын Людмила Петрушевская төрайым болгон калыстар тобу баалаган.

Сынакта Ырыскелди Марат уулу орус тилинде Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" (“Солдатёнок”) аттуу аңгемесинен үзүндү жаттап, мыкты деңгээлде аткарып, жеңүүчү аталган. Марат менен катар “Иван” повести менен беларустук Виктор Шиман, Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” (“Плаха”) романынан аткарышкан молдовалык В.Богомолова жана Ольга Трандафилова жеңүүчү болушкан. Аларга дипломдор жана смартфондор ыйгарылган. Мындан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жеринен барган өспүрүмдөргө Алыкул Осмоновдун жыйнагын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KyrgyzstanTugoiloru
2014-06-09 16:33:21
ооо Азаматсын кичинекей Акылдуу Жигит! Алга Кыргыздын Жигиттери!
0
92nuraaly
2014-06-09 20:39:47
Азаматсын жаш болсон да Кыргызстандын атын чыгардын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан