"Кыргызстанда жашы жете элек балдардын интернетке кирүүсүн иретке салуучу мыйзам кабыл алуу керек". Бул пикирди “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бүгүн, 15-январда журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Окуучулардын интернет колдонуусуна изилдөө жүргүзгөн топтун айтымында, сурамжылоого катышкан 960 баланын 99 пайызы интернетке кире алары аныкталган. Сурамжылоодо жаш балдардын 3 пайызы жыныстык мамилелерди көрсөтүүчү сайттарга кирери, 43 пайызы интернет аркылуу таанышкан адамдарга жолугушууга бара тургандыгы да белгилүү болгон. “Биз депутаттарды бул мыйзамды карап чыгууну, балдар катышкан жыныстык мамилелерди чагылдыруучу сайттарды чектөөнү талап кылабыз” дейт изилдөөчүлөрдүн бири Эльвира Илибезова. Ал ошондой эле "сурамжылоого катышкан балдардын 9 пайызы интернетте таанышуу аркылуу порнофильмдерге тартылууга сунуштала тургандыгын айтышса, 5 пайызы андай сунушка туш болгонун билдиришкен" деп кошумчалады. Ал эми Төлөйкан Исмаилова “экинчи жактан жыныстык мамилелерди чагылдыруучу сайттарга чектөө киргизүү шылтоосу менен бирге бийлик саясий сайттарды да чектөө коркунучу туулат” дейт.