Бишкекте китепканалардын 6-республикалык форуму өтөт

11-июнда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Китепканалардын акыл-ой маданиятына жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө кошкон ролу” аталышында китепканалардын 6-республикалык форуму өтөт.

Аталган китепканадан маалымдагандай, форум КРнын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына багытталган. Башкы максаты - китепканачылардын ишмердүүлүгүн чыңдоо үчүн мамлекеттик мекемелердин, коомчулуктун көңүлүн буруу.

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын Президентинин аппараты жана өкмөтү, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдары, билим берүү жана маданият кызматкерлери катышышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан