Бишкекте өспүрүмдөрдүн “Дүйнө маданият аркылуу” аттуу көркөм окуу сынагынын финалында жеңүүчүлөр аныкталат

14-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында балдар жана жаштар арасында “Дүйнө маданият аркылуу” аттуу көркөм окуу сынагынын финалы өткөрүлөт жана жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынак 31-мартта башталган. Анын максаты - балдардын жана өспүрүмдөрдүн көркөм окуусуна коомчулуктун көңүлүн буруу жана таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо. Бул сынакка 6 жаштан 18 жашка чейинкилер катышкан. Алар ыр, жомок, очерк, повесттен логикалык аягы бар үзүндүлөрдү тандап алып, кыргыз, орус жана чет тилдерде көркөм окушкан. Тематикалык жагынан тандоого эркиндик берилген. 

Белгилей кетсек, аталган сынак Кыргызстанда 3-жолу уюштурулуп жатат. Аны “Алые паруса” коомдук фонду, КРнын Президентинин алдындагы Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана КРнын Маданият, маалымат, туризм министрлиги уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан