21-июнда Бишкекте "Basicolors" арт-демилгечилер тобу Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчиликтеринин колдоосу менен стрит-арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн 6-эл аралык фестивалын өткөрөт.
Иш-чарага Германия жана Франциядан 8 көчө сүрөтчүсү келет. Ал эми Кыргызстандан 8 жаш көчө сүрөтчүсү катышат. Алар граффити галереясында “Биргеликте бактылуубуз” темасында сүрөт тартышат. Фестиваль саат 10:00дө Лев Толстой-3-а дарегинде орун алат.
“1980-жылдары Америкада пайда болуп, заманбап искусство катары саналган граффити жыл санап дүйнө жүзүндө өзүнүн креативдүү жаштардан куралган күйөрмандарын топтоп келет. Бүгүнкү күндө граффити ар бир заманбап шаардын бир бөлүгү болуп саналат, Бишкек да көптөн бери алардын катарында”,- деп билдиришет "Basicolors" арт-демилгечилери.