"Америка сулуусу-2014" наамын таэквондо боюнча кара курдун ээси, невадалык Ниа Санчез жеңип алды (фотолор)

Кечээ, 9-июнда АКШнын сулуусу тандалды. Ага өлкөнүн 50 штатынан сулуулар катышып, жыйынтыгында 23 жаштагы, бир нече жыл балдар үйүндө тарбияланган невадалык Ниа Санчез жеңүүчү аталды. Ага таажыны "АКШ сулуусу-2013" сынагынын жеңүүчүсү, Коннектикут штатынын сулуусу Эрин Брэди кийгизди. Эми Ниа Санчез "Аалам сулуусу-2014" сынагында Американын намысын коргомокчу. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сынактын жарым финалына 18-27 жаштагы 20 сулуу чыккан. Бикиничен сахнага чыгуу тапшырмасынан кийин калыстар тобу 10 катышуучуну тандап алышкан. Ал эми кече көйнөктөрүн кийип чыгуудан соң 6 сулуу тандалган. Акыркы тапшырмада, калыстар тобунун суроолоруна жооп берүүдө өз тапкычтыгын жана билим деңгээлинин жогору экендигин көрсөтүп Ниа Санчезге ийгиликке жетишкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aikol87
2014-06-10 17:51:41
Баары сулуу!!!
0
nurando
2014-06-10 22:26:53
Шу сакал мойловчон чыгып калавыы деп фотолорду коркуп карадым жакшы баардыгы жакшылекен
+3
nurik838383
2014-06-11 12:23:27
nurando, ошо сакал мойло бир бишкеке келсечи таш баранга алмакбыз
0
omurbek1990
2014-06-11 10:16:31
туу ата кимисин тандасам, баары эле сулуу корунот. Бирок кыргыздын кыздарына жетпейтко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан