Токтобек Асаналиев концертинде ат-башылык таланттардын башын бириктирди (фоторепортаж)

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын асты. "Билет алгыла, билет!", "Ай, эмне менин клиентимди тартып кеттиң?!" деп ары-бери басып билет саткан сатуучулар. Билеттерин колуна кармап имараттын эшигинин ачылышын күтүп, Токтобек Асаналиев баштаган ат-башылык таланттардын өнөрүнө күбө болууну самаган эл. Ошентип, саат жебеси 18:50нү кагып, "Булутка тийген аскасы, булбулдар чыккан Ат-Башы" деген аталыштагы концерт башталды. Сахна көшөгөсү ачылып, анын төрүнөн орун алган фольклордук топ четинен өз өнөрлөрүн тартуулай башташты. Бири "Манас" айтса, бири комузда кол ойното күү чертип, дагы бири улуттук аспаптардын коштоосунда Ат-Башы жергеси, андан чыккан залкарлар, мекен, сүйүү тууралуу ырларды тартуулашты.

Концерттин аты айтып тургандай, ага жалаң Ат-Башы жергесинен чыккан таланттар катышыптыр. Алардын арасынан белгилүүлөрдөн обончу Рахатбек Сейитбеков, Алтынбек Каленов, комузчу Нурзат Орозалиева, эстрада жана фольклор ырчылары Айтбүбү Атамкулова, Аскат Мусабеков, опера ырчысы Үмүт Тилегенова, скрипкачы Гүлнара Сыдыкбековаларды көрүп, алардын өнөрүнө күбө болдук. Кызыгы, концерттин алып баруучулары да ат-башылыктар экен. Алар Нурдөөлөт Копоев, Эльмара Турсуналиева, Бакай Шүкүров жана Эрке бала деген ат менен таанымал болгон мырза Талант Карагулов болду.

«Бул концертиме жалаң Ат-Башынын таланттарын чогулттум. Билинбегени менен Ат-Башыдан 60 чакты талант чыгыптыр. Улуу, кичүү муун бири-бирин таанып жүрсүн деп алардын башын бириктирдим. Ала көөдөн жаным баарын эле четинен чакыра бериптирмин. Аягында иргеп алууга туура келип, 40тай талантты тандап алдык»,- дейт бүгүнкү концерттин уюштуруучусу, ырчы Токтобек Асаналиев.

3 сааттан ашык убакытка созулган концертте убагында хит болгон ырлар ырдалгандыктан, эл сурантпай кол чаап, айрымдары ырчыларга кошулуп ырдап отурушту.

Токтобек Асаналиев ат-башылыктардын башын бириктирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
dos
2014-06-10 20:53:24
Баракелди Токтобек байке ишинизге ийгилик онору оркундой берсин
+3
lusi2013
2014-06-11 00:10:50
Мм,тузук

+3
depu
2014-06-11 00:52:01
Акыркы убакта ырчылар ,озунун кичи мекендештерине арнап концерт койгондой сезилип жатат. Кимдин айылдаштары жакшы колдойт экендей. Ырчылар политикага окшоп калбагыла!
-1
Musio
2014-06-11 01:15:10
depu, Ырчылар политикага окшоп калбагыла!! -Ырчылар ким,Политиктер ким -ЭЭН чон айырма бар! ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-06-11 10:19:43
Musio - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
aika_sv
2014-06-11 01:08:55
Эн Жакшы бир жерден чыккан таланттар бири бирин тааный журсо жакшы да.
+2
danok88
2014-06-11 06:22:09
жердешчилик деген эн жаман эн негизгиси кыргыз болсо болду да
+2
meka93
2014-06-11 09:55:21
ийгилик ишинизге. Нарында негизи эле элдери аябай таланттуу келет
+2
Lui
2014-06-11 12:17:05
Токтобек Асаналиевдин концерти жакшы өтчү эле деп мен да кызыгып баргам. Концерт качан гана ортолоп калганда, Ат Башылыктардын ашар концерти экенин түшүндүм. Ага чейин качан чыгат деп эле кутуп отурам Т. Асаналиевди.. Режиссеру бир аз жакшы иштесе болмок экен деген ойдо калдым. Себеби: Ыр ырдалып жатканда, артынан ролик берилип, ошол учурда эле сахнада актерлор да сценка коюп, бийчилер да бийлеп жүрүштү..
0
Murok
2014-06-11 13:01:23
Кой антпегиле буюрса алдыда будан да жакшы концерт берет, бул да болсо жетишкендик!!! Азамат Токтобек ава!!! Алга!
+1
mambetov88
2014-06-11 15:12:12
концерт эн жакшы маанайда отту сценарий жакшы тузулуптур
0
Мэри
2014-06-11 19:45:55
Концерт болгону жакшы, ыр болуп турсун. Бирок...
Өнөр адамдары бир адат таап алышты, "Токтогулдун торгойлору" ж.б. деп концерт бермей. Мунун акыр түбү барып бөлүнүүчүлүккө такалбайбы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан