Лейлекте «Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө айыл маданиятынын салымы" аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүлөт

12-14-июнь күндөрү КРнын Президентинин "2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деген жарлыгын ишке ашыруу максатында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Баткен облусунун Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн базасында «Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө айыл маданиятынын салымы" аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрөт. Бул семинар-кеңешмеге райондук жана шаардык бөлүм башчылары, облустук, райондук жана айылдык маданият мекемелеринин жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Семинар-кеңешмеде мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө айылдык маданияттын өнүгүүсү жана салымы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышы, долбоорлор менен иштөө маселелери каралат. Ошондой эле маданиятты өнүктүрүүдө инвестиция тартуу маселелери жөнүндө сөз болот.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабрлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан