13-июнга белгилгенген “Ош шаары - Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн маданий борбору" иш-чарасынын бет ачар аземи артка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Маалымат үчүн айта кетсек, Ош шаары “КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору" макамына ээ болгондугуна байланыштуу шаарда республикалык деңгээлде иш-чаралар өткөрүлмөк. Анда жарманкелер, фестивалдар жана ар кандай иш-чаралар уюштурулмак.
“Масштабдуу иш-чаранын ачылыш аземи каражат маселесине байланыштуу артка жылууда. Белгиленчү дата тууралуу алдын ала маалымдайбыз” деп билдирет аталган министрликтен.