Кыргызстандыктар “Open Central Asia” аталышындагы видео жана эксперименталдык кино боюнча сынакка катыша алышат. Сынакка чыгармалардын негизинде жаралып, 2012-2013-2014-жылдары Боробор Азиялык китеп форумунда көрсөтүлгөн тасмалар катыша алат.
Сынак 3 категорияда жүргүзүлөт: адабият чыгармасы, адабияттык котормо жана адабият чыгармасындагы иллюстрация. Ошондой эле режиссёрлор арасында адабият чыгармасынын негизинде тартылган фильмдер арасында сынак жүрөт.
Аталган сынакка дүйнө жүзүндөгү режиссёрлор, авторлор, котормочулар, иллюстраторлор чакырылат. Жалпы байге фонду 35 миң АКШ доллары.
Ал эми конкурстун расмий сайтында окурмандардын онлайн добушу менен адабият сынагына 9 финалист жана фестивалдын алкагында көрсөтүлчү 10 видео тандалып алынат.
Сынакка катышуу үчүн сунуштар 2014-жылдын 15-сентябрына чейин жүргүзүлөт.