2012-жылы кореялык рэпер PSY "Гангнам стайл" ырын ырдап чыгып, бүт дүйнө жүзүн гангнам стилинде бийлеткени эсиңизде чыгар. Жакында эле анын америкалык хип-хоп жылдызы Снуп Дог менен аткарган "Баш жазуу" ("Hangover") чыгармасы интернетке жарыяланып, бир нече сааттын ичинде 20 миллион жолу көрүлүп, колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынууда. Алар "Эмне деген клип, кускуңду келтирет го?!", "Гангнам стайл" ырын ашып өтө албайт", "ийгилик жаратыш үчүн Снуп Догду чакырган тура" деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан. Ал эми PSY менен Снуп Дог "буюрса, бул ырыбыз быйыл көптөгөн кечелердин гимнине айланат" деген ишеничте экенин билдиришкен.
Клипте катуу майрамдашкан эки ырчы жосунсуз жоруктарды жасашат. Бири унитазды кучактап кусуп жатса, бири ваннадан ойгонот. Экөө жуунуп-таранып андан ары шапар тээп, көңүл ачышат.
Эске салсак, 2012-жылы рэпердин "Гангнам стайл" ырынын клиби интернетте эң көп көрүлгөн көрсөткүч жараткан эле. Бул чыгармасы анын көрсөткүчүнө жете алабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.