Кыргызстандыктар Тюменде өткөн "Достук көпүрөсү" фестивалына катышышты

Кыргызстандыктар Тюменде өткөн "Достук көпүрөсү" фестивалына катышышты. Бул тууралуу 11-июнда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. 
"Жыйырманчы жолу өткөрүлүп жаткан иш-чара Тюмень облусунун 70 жылдыгына арналып, ага 22 улуттун өкүлдөрү катышты. 2500дөн ашуун адамдын катышуусу менен өткөн фестивалга Орусиянын жергиликтүү бийлигинен да өкүлдөр келишти. 
Фестиваль улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, улуттардын маданиятын даңазалаган ыр-бийлердин коштоосунда өттү.
"Биримдик" кыргыз диаспорасынын башчысы Канзаада Сманова: "Кыргыз диаспорасы боз үй тигип, улуттук тамактарын жана кымызды катышуучуларга тартуу кылды. Тюмень облусунун губернатору Владимир Якушев кыргыздын маданияты менен таанышкан соң, ага камчы тартуу кылынды. Ал кыргыз элине өнүгүүнү жана биримдикти каалап өттү",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан