Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов 79 жаш курагында кайтып келгис сапарга аттанды. Бул тууралуу маркумдун жакын санаалаштары билдирди.
Белгилей кетсек, Эрнис Турсунов 1935-жылы 24-августта Бишкек шаарында туулган. Анын «Ай чырайлуу кыздар», «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларында ийгиликтүү коюлуп келет. Анын «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагын» опералык либреттолоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка жазышкан. Эрнис Турсуновдун калемине таандык ырларга обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.
Э.Турсунов А.Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.Некрасовдун «Орус жеринде ким жыргайт?» поэмасын, Шекспир, Сервантес, Гоголь, Есенин, Маяковскийдин жана башкалардын чыгармаларын которгон.
Ал мусулмандардын ыйык китеби Куранды жана христиандардын ыйык китеби Библияны биринчилерден болуп кыргызчалаган.
Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамдары берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.