Бүгүн, 11-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Сапар Жоробаевдин “Жаратылыш фантазиясы” аттуу көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болуп өттү. Аземге сүрөтчүнүн санаалаштары, үй-бүлөсү катышты.
Белгилей кетсек, көргөзмөгө сүрөтчүнүн 160 эмгеги коюлду. Алардын көбүн бак-дарактардын тамырларынан, ар кандай формада өскөн талдардан жасалган скульптуралар түздү.
“Бактардын бутактарынан адамдардын, жаныбарлардын дене түзүлүштөрүн жасоого болот. Мындан тышкары алардан кийим илгич, эшиктин туткасын, шам коюучу буюм, май чырак жасаса болот. Бактын сөңгөгү болсо чоң скульптураларды жана эмеректерди жасоодо колдонулат”,- дейт бүгүнкү көргөзмөнүн ээси Сапар Жоробаев.
Белгилей кетсек, Сапарбек Жоробаев 1946-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 1970-жылы С.Чуйков атындагы көркөм окуу жайын аяктаган. Анын окутуучулары КРнын Эл сүрөтчүсү А.Осмонов, В.Шестопал жана башкалар болгон. Ал 1970-1971-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген. 1971-1973-жылдары С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында, 1973-1990-жылдары Аксынын маданият бөлүмүндө жасалгалоочу болуп эмгектенген. Мындан сырткары Сапарбек Жоробаев республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө 27-июнга чейин уланат.