Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Кыргызстандын руханий маданиятын калыптандырууда жана мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо китепканалардын ролу” аталышында китепканалардын 6-республикалык форуму өткөрүлдү.
Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Алексей Зенько, республиканын жети дубанынан келишкен китепканачылар, ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, билим берүү жана маданият кызматкерлери катышты.
Форумдун алкагында “Мыкты райондук китепкана”, “Мыкты айылдык китепкана”, “Жылдын мыкты жетекчиси”, “Жылдын мыкты китепканачысы” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Маданият министрлиги тарабынан айылдык китепканаларга эки миң нуска китеп таратылды.
Аталган китепканадан маалымдагандай, форум КРнын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына багытталган. Башкы максаты - китепканачылардын ишмердүүлүгүн чыңдоо үчүн мамлекеттик мекемелердин, коомчулуктун көңүлүн буруу.