28-июнда Кыргыз мамлекеттик цирки 50-театралдык сезонун жабат. Бул тууралуу аталган жайдын директору Курмангазы Исанаев билдирди.
"28-июнда акыркы шоубузду көрсөтүп, бул сезонду жабабыз. Артисттер август айынын ортосуна чейин эс алышат",- дейт директор.
Мындан сырткары Курмангазы Исанаев жайкы сезондо имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. "Учурда оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Имараттын сырткы фасадын жана электр жабдыктарын оңдоо алдында турабыз",- дейт.