Кыргыз драма театры Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Чоң кербез" модерн-спектаклин коёт

Кыргыз драма театры Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Чоң кербез" модерн-спектаклин коёт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда пьесанын автору Табылды Актан билдирди. 

"Мен бул пьесамды мындан 3 жыл мурун эле жаза баштагам. Чыгарма кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылганов тууралуу. Былтыр театрдын чыгармачыл жамааты чыгарманы окуп, анын негизинде жаңы спектакль коюуну чечишкен эле. Театр жыл башынан бери ушул спектаклдин үстүндө иштеп келе жатат. Буюрса, июнь айынын аягында көрүүчүлөргө бет ачарын сунуштайлы деп турабыз",- дейт жаңы чыгармасы тууралуу Табылды Актан.

Кошумчалай кетсек, бул спектаклдин режиссёру - КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, жанры - музыкалык-поэтикалык иллюзия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан