Кыргыз циркинин артисттери Кытайда жана Казакстанда өз өнөрлөрүн тартуулашууда

Учурда кыргыз циркинин 3 труппасы Казакстанда, Кытайда жана Кыргызстандын аймактарында гастролдоп жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда цирктин директору Курмангазы Исанаев билдирди. 

Анын айтымында, Алмаз Раимкулов баштаган 10 артист учурда "Жигитовка" программасы менен Кытай жергесинде өз өнөрлөрүн тартуулашууда. "Алар жаңы жылга чейин гастролдошот. Мурат Ахматов жана Жыпара Шамырова жетектеген экинчи труппа "Вертикалдуу канат жана үйрөтүлгөн иттер" программасы менен Казакстанда жүрүшөт. Буюрса, ноябрь айында келишет. Ал эми үчүнчү труппа америкалык артисттер менен бирге Кыргызстандын түштүгүн кыдырып, өз өнөрлөрүн тартуулашууда",- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан