Маалыматка ылайык, иш-чара Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борбору, ЮНИСЕФ, “Укук борбору” коомдук фонддору менен биргеликте уюштурулууда.
Тренингдин программасы боюнча төмөнкүдөй маселелер каралып жатат:
• Ювеналдык юстиция боюнча эл аралык стандарттар;
• Ювеналдык юстиция боюнча прокуратуранын ишинин ɵзгɵчɵлүктɵрү;
• Жашы жетпеген соттолуучу балдар тууралуу жазык иштердин ɵзгɵчɵлүктɵрү;
• Ювеналдык юстиция боюнча адвокатуранын ишинин ɵзгɵчөлүктɵрү;
• Ювеналдык юстициянын социалдык ɵңүттɵрү.
Тренингге Нарын облусунун судьялары, прокурорлору, адвокаттар, Ички иштер министрлигинин жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жергиликтүү башкаруусунун кызматкерлери катышууда. Ал эми аларга арналган лекцияны Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Аида Рыскулова, “Укук борбору” коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, КРнын ИИМ академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов өтүүдө.