Бүгүн, 12-июнда Ош шаарында маданият тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өткөрүлдү.
Ал райондук жана облустук маданият бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн өтүлүүчү республикалык семинардын алдын ала пландалган программасынын алкагында уюштурулган. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катышты.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.