Бишкектеги Эмен сейил багында Эл аралык кан донорунун күнү белгиленет

Бишкекте эртең, 13-июнда Эмен сейил багында Эл аралык кан донорунун күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, акциянын негизги максаты калк арасында медициналык максат үчүн өз канын тапшыруу тууралуу маалымат жайылтуу жана канга муктаж болгон бейтаптарга кайрымсыз кан тапшырып турууга чакыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында көрөрмандарга концерт тартууланып, флешмоб уюштурулмакчы. Ошондой эле кан тапшырган ар бир жаранга жагымдуу белектер ыйгарылат. 

Акцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин, ИИМ, ӨКМ жана бир катар министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан