Бүгүн, 12-июнда Кыргыз улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмүндө Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор, дирижёр Пётр Шубиндин 120 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.
Аталган китепканадан билдиргендей, эскспозицияда композитордун жашоосун жана чыгармачылыгын баяндаган басылмалар коюлган.
Пётр Шубин 1894-жылы Оренбург губерниясынын Троицк районуна караштуу Ташла айылында жарык дүйнөгө келген. 1912-жылы Санкт-Петербургдагы профессор Смоленскийдин жетекчилиги астындагы музыкалык курсту аяктаган. Үч жылдан соң экстерн менен композиция жана фортепиано теориясынын жогорку музыкалык курсун бүтүргөн. 1928-жылы музыкант республиканын профсоюздар кеңешинин негизинде Кыргызстанга чакырылган. Ошол жылдан тарта кыргыздын профессионал искусствосуна үзүрлүү салым кошуп, музыканттарды даярдап чыгарган. 1935-жылы музыкалык драма театрды жетектеген. Ошондой эле Абдылас Малдыбаев менен биргеликте К.Жантөшевдин “Карачач” драмасына музыка жазган.
Пётр Шубин республиканын биринчи хор коллективин жана улуттук аспаптардын оркестрин түзгөн. Бул өлкөдөгү нота менен ойногон биринчи улуттук оркестр болгон.
Пётр Шубин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Кыргыз музыкасына кошкон салымы үчүн анын ысымы борбордогу музыкалык окуу жайына ыйгарылган.