Май айында Сузак райондук электр тармактар ишканасы Кара-Дарыя, Кызыл-туу, Ырыс, Барпы айыл өкмөттөрүндө жалпысынан 12 чакырым электр чубалгыларын алмаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда “Жалал-Абад электр” ААКынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 2 жаңы трансформатор орнотулуп, 4 трансформаторго кошумча кубаттуулук киргизилди. Ошону менен катар жыгач устундардын түптөрүн бетондоо жумуштары аткарылды.
"Жалал-Абад электр тармактар" ишканасы кышка даярдыктарды күчөтүүдө. Жалал-Абад шаарынын карамагындагы Кыргыз Республикасы, Токтогул, 1-Май, Тоголок Молдо, Панфилов, Барпы, Сейил көчөлөрүндөгү аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан дарактарды бутоо иштери аягына чыкты.
"Ал эми бул кезге чейин жеке менчик трансформатордон электр энергия алып келген Курманбек кичи районундагы 6-7-көчө өзүнчө бөлүнүп, жаңы трансформаторго ээ болушту. Бул жасалып жаткан жумуштар - күз-кыш айларына болгон даярдыктар" деп айтылат маалыматта.