Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 12-июнда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, манасчы Жусуп Мамайды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Жаратылыштан манасчылык өнөрдүн ээси болгон заманыбыздын даанышман адамын эскерүү зыйнатына вице-прьемер-министр Эльвира Сариева, белгилүү жазуучулар жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери катышты.

Иш-чарада залкар инсандын кыргыз элине жана дүйнө коомчулугуна калтырган зор эмгеги айтылды. Ошондой эле манасчынын өз өмүрүн өлкөнүн көөнөрбөс дөөлөтү болгон "Манас" эпосуна арнап, аны муундан-муунга калтырып кеткени баа жеткис байлык экени баса белгиленди. Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Маалымат үчүн айта кетсек, белгилүү манасчы Жусуп Мамай 1-июнь күнү 96 жаш курагында дүйнө салган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан