Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматына киришкен алгачкы күндөрдөн баштап шаар тургундары менен өткөргөн жолугушууларынын учурунда шаардыктардын өтүнүчтөрүнүн негизинде 123 протоколдук тапшырма берген. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Курмантаевдин билдиргенине караганда, 1-июнга карата мэр Айтмамат Кадырбаевдин протоколдук тапшырмаларынын 60ы толук аткарылды.
Ошондой эле 46 протоколдук тапшырма көзөмөлгө алынып, аткаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми жүйөлүү себептерден улам 9 протоколдук тапшырманын мөөнөтүн 2015-жылга узартуу каралууда. Алар негизинен каржы булактарын аныктоого байланышкан.
Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынган жана мэрге системдүү маалымат берилип турат.