Нарын облусунун бардык аймактарында айдап-себүү иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдап-себүү иштери 10-июнда толугу менен аягына чыккан. Ага ылайык, облус аймагында жазгы себүү иштери 100,1 пайызга аткарылды.
Дан эгиндерин айдап-себүү 99,6 пайызга аткарылган болсо, картошка 100,2 пайызга, жашылча 100,4 пайызга, чөп өсүмдүктөрү 102,3 пайызга аткарылган. Ошондой эле Жумгал районунда 70 гектар жерге төө буурчак эгилген.