Эртең, 13-июнда көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кишинёв, Удмуртск, Бах, Толстой, Асаналиев көчөлөрүндө жана Достук, Көк-Жар, Пригородное айылдарында, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн жана Октябрь айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.