Нарын облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз облус деп табылды. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.
Ага таянсак, Нарын облусунун калкынын 54,7 пайызы Бажы биримдиги боюнча кабардар эмес жана облустун 3,7 пайызы гана аталган уюмдун мүчө мамлекеттерин билет экен. Ал эми Ош облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң көп облус болуп табылды.
Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, анда 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам суралган. Сурамжылоону "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн.