Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо

Кыргызстандын калкынын 61,3 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.

Ага таянсак, Ош облусунан тышкары бардык облустарда калктын жарымынан көбү аталган биримдикке кирүүнү колдоодо. Ош облусунда калктын 43,6 пайызы Бажы биримдигине кирүүгө макул болсо, 48 пайызы каршы чыгууда. Ал эми Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз деп табылган Нарын облусунда калктын 56,3 пайызы ушул биримдикке кирүүнү толугу менен колдоодо.

Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, анда 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам суралган. Сурамжылоону "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zman53
2014-06-12 17:41:59
800 адам 5млн адамдын тагдырын чечпейт да.Мына сага тамаша...
0
gapar82
2014-06-12 17:47:13
Президентти катту коркутканго кирбесен по жесткий болот деп
+1
kunichka
2014-06-12 18:43:30
Кыргызстаныбызды Бажы биримдигине киргизбеш учун эмне кылсак болот элдер?Кыймылдабайлыкбы уже киргизип жатышат чиновниктер.(((((
+2
uluk1982
2014-06-12 18:45:54
Акча берип койсо чыгара берет экен да!(((((((((((((
Бут эле каршы киргиздерден башкасы!!!
0
kalbek87
2014-06-12 18:50:48
Мен ТСга кирсек жакшы болот эле деп ушул кунго чейин бир адамдан укпадым, анан булар кайжакта тушундуруу иштерин жургузуп , кимдер макулдугун берген билбейм да. Негизи Атамбаев озу деле кайдан убада кылдым ушуну деп, жегени желим, ичкени ирим болуп атса керееек бечара.
+1
tairbek.
2014-06-12 19:00:34
караандай калп 90% колдобойт
+2
talant87
2014-06-12 19:39:00
супер инфо озунор эле сурамжулоо жургузгулода колдонуучулардан мисалы мен каршымын
+1
wizard
2014-06-12 20:41:15
ТСга кирсек орто айлык 40мин рубл болот экен!"Жыргайт"экен биз!Путин айтты
+1
Aikoo2014
2014-06-12 20:49:58
Мен башымды да оорутпайм,баарибир ансызда мамлекет онукпой келет. Эми булар эле жыргатмак беле,иши кылса аман эле болсундарчы.
0
Nazmi0605
2014-06-12 23:13:18
элге тушундуруу сурамжылоо иштери аябай кеч болуп отуптур кошулабыз деп жолдордун карталары даяр болгондон сон канча ирет оз ара жолугуп мамлекет башчылары анан оздору киребиз деп элден эн акыры сурамжылап койгонучу булардын
+1
raimzhanov81
2014-06-12 23:58:00
Колдосо парламентте отурган бизнесмендер менен бизнеси бар чиновниктер колдоп жатса керек/Алар эл эмес да/мен элдин айтканын уккан жокмун кошулсак жыргайбыз деген.
+1
uylaak
2014-06-13 00:23:47
Жепжутаттар ойлоп атышатго бизнесибиз онугот деп, адашасынар .Путин чычканга жем алдырбайт.Озунун пайдасын ойлоп анан ТС ны баштап жатат.
0
aza.kg007
2014-06-13 00:38:26
Ээ эмне болсо болсун карапайым эл оз тиричилигин кыла берет и кылыпта келген
0
urmat_88-kg
2014-06-13 03:18:40
Элди не келесоо ойлойсунарбы эл каршы
0
Erhan
2014-06-13 08:17:44
Мен колдойм кошулсун ТСга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан