Кыргызстанда калктын 63,4 пайызы Бажы биримдигине кирүү менен нан азыктары кымбаттап кетүүсүн күтүшөт. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.
Ага таянсак, кыргызстандыктар аталган биримдикке кирген соң бардык азык-түлүктөрдүн кымбаттоосун күтүшөт. Ал эми “күйүүчү майлардын баалары өсүп кетпейт” деп сурамжылоого катышкандардын 30,1 пайызы жооп берди. "Унаанын баасы кымбаттайт" деген ойдогулар сурамжылоого катышкандардын 7 пайызын түзөт.
Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, ага 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам катышкан. Аны "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн. Буга чейин Нарын облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз облус деп табылды жана Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо деген маалыматтар SUPER.KG порталында жарык көргөн.