Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Рамазан
айынын башталышын, Орозо жана Курман айт күндөрүн тактоо жөнүндө чечим чыгарып, ага ылайык, 2014-жылдын 28-июну Рамазан айынын биринчи күнү болуп
бекитилди. Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленди. Бул тууралуу
бүгүн, 12-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн күндөр Айдын жаңыруусуна байланыштуу бир күнгө айырмалануусу мүмкүндүгү эскертилет.