Чет өлкөгө кетүүчү кыргызстандыктардын 71,1 пайызы “Бажы биримдигине кирүү менен чет өлкөдө эмгектенүүгө уруксат алууга тоскоолдуктар жаралат” деген коркунучта. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн миграциялык процесстерине тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.
Ага таянсак, чет өлкөгө кетүүчү кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү курулуш, соода, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында эмгектенүүгө даяр. Алардын 59,6 пайызы чет өлкөдө бир жылга жетпей иштеп, кайра мекенине келүүнү пландашкан. Ал эми 11,9 пайыз Бажы биримдигинин мүчө мамлекеттери Орусия, Казакстан жана Беларусь Республикаларында туруктуу жашоону пландап жатышат.
Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, ага 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам катышкан. Сурамжылоону "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн.