Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 12-июнда Кыргызстандагы каржы-экономика системинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Каржы кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан майрамдык салтанатта бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары, райондук каржы бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана Каржы министрлигинин төш белгилери тапшырылды.
Кесиптик күндүн ээлерин акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Абдыкалык Саалиев, администрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериевдер куттукташты.