Америкада Жорж Буш 90 жашын белгилеп, парашюттан секирди

АКШнын мурунку президенти Жорж Гербер Уокер Буш 12-июнда 90 жашка чыкты. Ал туулган күнүндө Мэн штатынан алыс эмес жайгашкан жерде парашюттан секирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Паркинсондун оорусу (Паркинсондун оорусун эл арасында калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Бул оору көбүнчө адамдарга улгайган курагында келет) менен ооруган Буш майыптар коляскасында жүрөт. Ал аскердик парашютчу Майк Эллиотт менен бирге секирген.

Аны жерде аялы Барбара жана уулу Жорж күтүп алышкан. Муну менен Буш сегизинчи жолу парашюттан секирип жатат. Алгачкы жолу Тынч океандын үстүндө жүргөн Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда учак кыйрап, Буш секирүүгө мажбур болгон. Буга чейин 80 жана 85 жашын да дал ушинтип белгилеген. АКШнын 41-президенти интернеттеги социалдык баракчасына "Мэн штатындагы жагымдуу күндөр. Чындыгында эле парашюттан секирүүгө ылайыкташкандай" деп пикир калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
admin_portal
2014-06-13 12:10:36
Desmond, zezim2000 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эки варианты тең колдонулат.
0
Asan-aka
2014-06-13 12:12:14
Чал чыйрак го а кысталак
0
abaychik
2014-06-13 13:37:30
Asan-aka, туура айтасыз, чыйрак экен капыр.
0
aza.kg007
2014-06-13 16:02:22
Кошей без смертный эле экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан