Бишкекте бүгүн, 13-июнда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Иш-чарага анын балдары, неберелери, жакын туугандары, чиновниктер жана жөн гана анын эмгегин сыйлаган жарандар катышты. Жумабек Ибраимов жөнүндө эскерүүлөр айтылып жатканда анын жакындары жашып, эстелигин үшкүрүнүү менен тиктеп жатышты. Митинг-реквием бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.
Ибраимов Жумабек Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында 1944-жылы 1-январда туулган. Көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Ал 1998-жылы КРнын Премьер-министри болуп да эмгектенген жана бир катар мамлекеттик кызматтарда талыкпас эмгеги менен өзүн көрсөтө алган.
"Атам жаш кетти, ал көзү барда бизге жалаң гана мээрим менен өзүнүн чексиз сүйүүсүн тартуулады. Адамгерчилик сапаты жана жумуштагы тактыгы үй-бүлөсүн гана эмес, мамлекеттеги айрым багыттарды да башкара алды. Анын жасаган иштери бүгүнкү күнгө чейин эскерилип, эл арасында айтылып жаткандыгы өзгөчө сыймыктанууну жаратат. Ал эми эң негизгиси биз, анын балдары, бүгүнкү күндө элдин көзүнө тике карай алабыз. Атам көзү барда "дайыма чынчыл болгула, татыктуу болгула" деп көп айтчу, себеби ал өзү ошондой эле. Мен ушундай инсандын уулу экениме сыймыктанам”,- дейт уулу Нурдин Ибраимов.
Ал эми иш-чарага катышкан борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов өз сөзүндө буларга токтолду: “Кыргызстандын эгемендүү болгондугу Жумабек Ибраимовдун ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышта. Бул инсан элдин чоң ишенимине ээ болуп, өзүнүн тажрыйбасы менен оор кырдаалдардан бир катар жолу мамлекетти чыгарган. Ал инвестиция тартуу, саясий кадамдарда өз убагында туура чечимдер менен көп пайда алып келген. Жумабек Ибраимовдун талыкпас эмгеги, адамдык сапаттары баарыбызга үлгү болуш керек”.
“Чоң атам мени аябай күткөн экен, тилекке каршы, ал катуу оорудан мени көрбөй каза болуп калды. Апам чоң атам жөнүндө көп нерселерди айтып берген. Ал мен апамдын курсагында 9 ай кезимде бул дүйнө менен коштошуптур. Жакында эле музейлердин бири уюштурган көргөзмөгө барып чоң атам жөнүндө көп маалымат ала алдым. Аябай сыймыктандым, анын кыргыз элине көп иштерди жасаганына, өз элинин жашоосун өзгөртөм дегенине таазим кылдым. Апам “эгер чоң атаңдан айрылбасак, ал сөзсүз өлкөнүн президенти болмок” деп айтчу эле, мен да ошол ойду колдоп келем”,- дейт Жумабек Ибраимовдун небереси Малик Ибраимов.
Иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ЖКнын депутаттары жана бир катар көрүнүктүү инсандар катышты.