Мектеп окуучулары “өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын негизги себеби жаман чөйрөнүн таасиринен” деген пикирде

Мектеп окуучуларынын 25 пайызы “өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын негизги себеби начар чөйрөнүн таасиринен” деп ойлошот. Бул тууралуу маалымат “Жашы жете элек өспүрүмдөр жасаган кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.

Ага таянсак, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын себептери боюнча экинчи орунда “арак ичүү жана баңгизат колдонуу” (14 пайыз), “көрүнгүсү келүү” (12,6 пайыз), “коркок эмес экендигин далилдөөгө аракет кылуу” (12,4 пайыз), “үй-бүлөдө акча каражаттын жетишпегендиги” (10 пайыз) жана башка себептер.

Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы Бишкек шаары боюнча 15 мектепте өткөрүлүп, ага 7-класстан жогорку 1029 окуучу катышкан. Сурамжылоо КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тапшырмасы менен социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери тарабынан жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан