17-18-19-июнда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын, драматург Меңди Мамазаированын "Аппак аял, айдай кыз" спектаклинин бет ачары болот. Бул тууралуу драматург жеке баракчасына жазды.
Маалым болгондой, спектакль КРнын Эл артисти Назира Мамбетова тарабынан коюлууда. Сүрөтчүсү – белгилүү киноактёр Садыр Сагынбаев. Башкы ролдордо: КРнын Эмгек сиңирген артисттери Эгемберди Чалабаев, Гүлмира Ташматова, Айнура Темирова.
Кошумчалай кетсек, аталган театр "Аппак аял, айдай кыз" спектакли менен быйылкы сезонду жапканы турат.