Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде Индия маданиятынын жумалыгы башталды. Аталган жумалыктын алкагында Индия элинин маданияты, кийимдер, тамак-аштар жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү уюштурулган. Иш-чара 19-июнга чейин уланып, көрүүчүлөргө Индия тасмалары жана бийлери тартууланып турат.
Жумалыктын программасы Кыргызстандагы Индия элчилиги тарабынан түзүлгөн. Максаты - эл аралык мамилени бекемдөө, борбор шаардын тургундарын жана конокторун Индия маданияты менен тааныштыруу.