14-июнда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги жазуучунун бейитине гүл коюлат. Андан соң борбордогу кинотеатрлардын биринде Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасынын негизинде тартылган режиссёр Сергей Урусевскийдин “Жорго чабыш” тасмасы тартууланат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы клубдун лауреаттарын сыйлоо аземи орун алат.
Мындан сырткары иш-чара учурунда жазуучунун 8 томдук чыгармалар жыйнагынын жана А.Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун ак булуттары” китебинин бет ачар аземи болот.
Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда КРнын Илимдер академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.