Бишкекте “Коопсуз эне үчүн коопсуз донорлук” аталышындагы акция өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги Эмен сейил багында Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата “Коопсуз энелик үчүн коопсуз донорлук” аталышындагы акция өтүүдө. Аталган акциянын алкагында каалоочулардын баары кайрымсыз кан донору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Иш-чара саат 10дон өтүп башталганына карабастан, 40 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында 20дан ашуун киши кан тапшырганга жетишти. Кан донору болууну каалагандар 470 грамм кан тапшырып, жагымдуу белектерге ээ болуп жатышты.

Иш-чарага келгендер эң биринчи каттоодон өтүп, атайы даярдалган анкеталарды толтурушту. Андан кийин ички оорулары боюнча дарыгерге кайрылып, буга чейин кайсы оорулар менен ооругандыгын, акыркы 2 жума аралыгында кандай дары-дармектерди ичкендерин айтып беришти. Ошондой эле донорлор канынын анализин тапшырып, ал таза чыкканда гана кан тапшырышты.

Эгер донору болууну каалагандын кан басымы нормадан ылдый болсо, ал кан тапшыра албайт. Себеби анын башы айланып, эси ооп калышы мүмкүн. Кан тапшыргандардын жашы 18ден өйдө жана салмагы 50 килограммдан кем эмес болушу зарыл. Донор болууну каалап, бирок текшерүү учурунда айрым оорулар менен ооругандыгы белгилүү болсо, анын канын албайбыз. Себеби дени сак, эч кандай ооруларга чалдыкпагандар гана донор боло алышат. Ал эми чет өлкөдөн келген жарандар 6 айдан кийин гана кан тапшыра алат, анткени көп оорулардын инкубациялык мөөнөтү 6 айды түзөт”,- дейт терапевт-дарыгер Гүлбара Кененбаева.   

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты калк арасында медициналык максат үчүн өз канын тапшыруу тууралуу маалымат жайылтуу жана канга муктаж болгон бейтаптарга кайрымсыз кан тапшырып турууга чакыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күн өтө маанилүү. Кайрымсыз тапшырылган кан мамлекеттин байлыгы болуп саналат. Өлкө аймагында кан менен камсыздоо чоң көйгөйлөрдүн бири. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда кан кетүүдөн каза тапкан энелердин көрсөткүчү өтө жогору. Кыргызстанда жылына 8 миң бала төрөлөт. Өткөн жыл аралыктарында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн баланын 39,2 пайызын түздү. Анын ичинен кан кетүүдөн каза тапкандары 23 пайызды түзүүдө. Мындай учурларда ыкчамдык керек. Камдалган кандын көлөмү канчалык көп болсо, ал ошол эле энелердин өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактоого салымы эбегейсиз. Эч кимибиз ден соолугубуз канчалык деңгээлде чың экенин билбейбиз. Ошол себептен улам кандын керектүү өлчөмдөн ашык болуусу зарыл”,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык жардам уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Бообекова.

Ал эми бир жолу эмес, үчүнчү ирет кан тапшырып жаткан №5-поликлиниканын жетекчисинин орун басары Жылдыз Аманкулова: “Кан тапшырууну сооптуу иш деп ойлойм. Жакшы иш-аракеттерди жасоо башка, ал эми кан тапшыруу менен биз бир адамдын өмүрүн сактоого салым кошуп жатабыз. Анын үстүнө менин каным өтө сейрек кездешүүчү 4-топко кирет. Ошол себептен улам кээде сыналгы аркылуу да кимдир бирөө менин тобумдагы канга муктаж экендигин билсем, ага байланышып, сөзсүз кан тапшырганга аракеттенем. Азыр бул жылдын эсебинен үчүнчү жолу кан тапшырып жатам. Менин каным канга муктаж болгон кимдир бирөөгө керек болот деп аябай сүйүнөм”,- дейт.

Иш-чаранын алкагында кан донорлоруна концерт уюштурулуп, ысык чай, таттуу азыктар жана жагымдуу белектер тартууланып жатты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHS
2014-06-13 17:07:11
Jonokoi elder bekeeer futbolka menen brelokko aldanyp kan tapwyryp jatywat. Ustundo oturgan biroo al kandy 10 ese oido baaga satyp atkandary okunu4tuu. Uwu 4ondor uialsa bolotvele jada kalsa karapaiym eldin kanynan ak4a taap 4ardagandan.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан